«Балчыйтып түкүрөт». Икрамов «малдан айырмасы жок» айдоочуларга чара көрүүнү суранды

Депутат Тазабек Икрамов унаада кетип бара жатып, жолго түкүрүп, таштанды ыргыткан айдоочуларды «малдан айырмасы жок болуп калды» деди.

«Бишкектин ортосунда унаада кетип бара жатат. Эшигин ачып балчыйтып жолго түкүрөт. Айнектен таштанды, тамекинин бүчөгүн ыргытт. Буларга чара көрбөсө болбой калды», — деди ал.

Анын айтымында, ушундай ишти кылгандарды видеого тартып алган жарандарга сый акы берүү керек.