Депутат Тазабек Икрамов: «Саясий кысымга алуу кырдаалдын курчушуна алып келет!»

«Саясий кысымга алуу кырдаалдын курчушуна алып келет!». Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрүн, жарандык активисттерди, оппозициялык маанайдагы саясатчыларды жекшемби күнү таң эрте үйүн тинтүүгө алуу демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузуу болуп эсептелет. Саясий кысымга алуу, үйүн тинтүү коомдун активдүү катмары менен бийлик ортосундагы ачык диалог болуусуна кедергисин тийгизет жана өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаалдын курчушуна алып келет! Ачык пикир айткандарды антип камоо менен маселе чечилбейт. Маселе эл менен эсептешкенде гана чечилет!» — деп жазылат билдирүүдө.