Депутат Төрөбаев унду базар баасынан арзан саткан жайлардын дарегин бөлүштү

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев унду базар баасынан арзан саткан жайлардын дарегин соцтармактагы баракчасына бөлүштү. Анын айтымында, маалымат Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынан алынган.

Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ундун базар баасынан төмөн сатыла турган жайлардын даректери:
Бишкек шаары:
— «Яшар» ЖЧКсы, Гагарин көчөсү 256;
— «Акун» ЖАКсы, Дэн Сяопин көчөсү 308;
— БМК Кулиев көчөсү 2;
— Кара-Дарыя көчөсү 3.
Чүй облусу:
— Токмок шаары, Промзона;
— «Москва» ЖЧКсы, Беловодское айылы, Шолохов көчөсү 24;
— «Дан» мамлекеттик ишканасы, Кара-Балта шаары, Тольятти көчөсү 1;
— Кара-Балта шаары, Тольятти көчөсү 58;
— «Ай Зи» ЖЧКсы, Шопоков шаары, Железнодорожная көчөсү 21а.
Ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча жарманкелер өтөт.