Депутат Түлөбаев: «Бишкек эки жарым жыл ичинде өмүрүмдү алды»

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиевге борбор калаадагы суу көйгөйү боюнча бир катар суроолорду берди.

— Арча-Бешикке суу бердиңерби? — деп сурады депутат.
— Бүгүн таңкы убакыттан баштап түшкө чейин суу берилди, — деди вице-мэр.
— Сууну кайсы жактан алып берип жатасыңар?
— Орто-Алыш жана ТЭЦ-2 суу топтомунан.
— Шаар үчүн күйүп-жанып, күнү-түнү иштеш керек. Иштей албайсыңбы, анда миллиондук калкы бар шаарды кыйнабай кетүү зарыл. Чачың да агарып кетти, жакшы эле иштеп жатасың, көрүп жатабыз. Түшүнгөн кишилерге айтып жатам, күчүң жетпесе, анда жыйыштырып, бара бериш кажет. Бишкек эки жарым жыл ичинде өмүрүмдү алды. Бир жеринен бузуп алдыңбы, анда бул шаарды токтото албайсың, — деди депутат.