Депутат Түмөнбаев: «Сүттүн баасын көтөрүү кажет, анткени айылда мал кармоо өзүн-өзү актабай жатат»

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө» 14-марттагы Жогорку Кеӊештин токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев баштаган бир катар мамлекетик органдардын жетекчилери катышты.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев белгилегендей эгерде чийки сүттүн баасына 40 сомдук төмөнкү чек коюлса, анда кайра иштетилген сүттүн баасы 11%га, каймактын баасы 50%га чейин кымбаттап кетерин айтты. Ал ошондой эле чийки сүт социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирбей турганын белгилеп, мыйзамга ылайык өкмөт анын наркына чек коё албай турганын белгиледи.

Токтомдун демилгечиси, депутат Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеӊештин токтомунун аткарылышын сурап, анын качан ишке ашарына кызыкты. “Дыйкандарга, сүттү кайра иштеткен заводдорго субсидия берүү маселесин карашыңар керек. Мындай болбосо сүттүн баасын көтөрүү кажет, анткени айылда мал кармоо өзүн-өзү актабай жатат”, — деди Акылбек Түмөнбаев. Министр сүттүн туруктуу баасын камсыздоо мүмкүн эместигин айтып, аны жогорулатуу менен сүт азыктарына болгон башка баалар да көтөрүлүшү мүмкүндүгүн айтты.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы сүткө болгон баалардын айырмачылыгын тактап, бул маселени чечүүдө министрликтин багыттарын сурады. “Заводдор өндүргөн продукциялар айрым себептерге байланыштуу экспортко чыга албай жатат. Министрлик бул маселени чечүүнүн үстүндө аракет көрбөй жатасыңар”, — деди эл өкүлү.

Депутат Марат Мураталиев сүттү сапаттуу өндүрүү механизмдерине кайрылып, фермерлер арасында бул багытта тушүндүрүү иштерин жүргүзүү маселесине көңүл бурду. Депутаттар Алишер Эрбаев, Балбак Түлөбаев маселени чечүү максатында тиешелүү министрликтердин жана жеке ишкерлердин сунуш-пикирлерине көңүл бурушту. Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев жеке ветеринардык лабораториялардын жоктугу, тоютка болгон баалардын жогорулашы сыяктуу маселерди чүчүү маселесин көтөрдү.

Бакыт Төрөбаев рынок шартында сүткө туруктуу баа коюу мүмкүн эместигин айтып, ошол эле учурда министрлик тоюттун баасын турукташтыруу багытында иштер жүрүп жатканын билдирди. Жыйынтыгында комитет жайкысын жана кышкысын сүттүн эки башка туруктуу баасын аныктоо максатында жумушчу топ түзүү жана токтомдун аткарылышын сунуштарды эске алуу менен узартуу чечимине келди.