Депутат Кадырбеков: «Түркияда урандынын алдында жаткандарды ойлоп ыйладым»

Түркиядагы жер титирөөдөн улам соңку жылдары Бишкек жана Ошто курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты суроо жаратты. «Сизде алардын сапаты ишеним жаратабы? Кандай үйдө жашайсыз? Үйдү сатып алууда жер титирөөгө туруштук бере аларына көңүл бурдуңуз беле?»деген суроо менен депутаттарга кайрылдык.

Депутат Нуржигит Кадырбековдун айтымында, коррупция бар жерде баарын кылса болот. «Кудай мындай кырсыктан алыс кылсын. Эгер мындай болуп калса, акыбалыбыз кандай болот бир Жараткан билет. Туш келген жерге салып жатат. Мен 10 кабаттуу үйдүн 10-кабатында жашайм. Ашынган бай болбосом, эмне кылам? 2 жылга бөлүп төлөгөн, үстөк пайызы жок үй тапкам. Бош калганы 10-кабатта экен. Урандынын алдында тирүү жаткандарды ойлоп, көзүмө жаш келип жатат», — деди ал.