Депутат: «Тышкы иштер министри Эрмек Маркабаевдин иши анын көзөмөлүндө экенин айтты»

«Эрмек Маркабаевдин Казакстанда кармалып туруусу боюнча, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен кабарлаштым». Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасында жазды.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул иш министрдин көзөмөлүндө жана Алматы шаарындагы консулдук бөлүмдүн да кабары бар. «Буюрса иш башталса жеке көзөмөлгө алам», — дейт Балбак Түлөбаев.

Буга чейин Казакстанда июнь айынан бери камакта кармалган кыргыз ишкери Эрмек Маркабаевдин жакындары Бишкекте акцияга чыгып, анын бошотулушун суранышкан. Алар өз кайрылуусун эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевге жолдошкон эле.