Депутат Улан Примов Алай районуна иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов иш сапары менен Ош облусунун Алай районуна барып, 13-июнда Гүлчө айылында болгон өрт кырсыгынын кесепеттерин жеринен көрүп чыкты.
Фин тибиндеги 10 бөлмөдөн ашык турак жай толугу менен күйүп кетип, алты үй-бүлө жабыркаган. Тилекке каршы, бир тургун каза болгон. Жолугушуунун жүрүшүндө жабыр тарткан ар бир үй-бүлөгө Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фонддорунан бөлүнгөн акчалай сертификаттар тапшырылды. Мындан тышкары, депутат жаңы салына турган үйдүн долбоору менен таанышты. Эл өкүлү белгилегендей, жергиликтүү бийлик менен биргеликте бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүп, жабыркагандардын муктаждыктары камсыздалат.
Муну менен катар иш сапардын алкагында Улан Примов Алымбек Датка атындагы сейил багына да барып, анын абалы, балдар аянтчасы жана эс алуу шарттары менен таанышып чыкты. Жакынкы аралыкта эс алуучулар үчүн бассейн куруу пландалып жатканы белгилүү болду.