Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Сулайманов Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан чыккан өрт кырсыгы учурунда эвакуация иштери эмне үчүн убагында болбогонуна кызыкты.
«Кечээ Улуттук кардиологиялык ооруканасында чоң өрт чыкты. Ал жакта эки бала кайтыш болуп, ондогон адамдар жабыркады. Эмне үчүн эвакуация эмнеге убагында болгон жок? Эвакуациялык эшиктери бекилген бекен? Ошолорду карап, тактап чыгыш керек», — деди депутат.
Ал кызматкерлерге да коопсуздук эрежелерине үйрөтүү керектигин кошумчалады. Анын айтымында, өлкө боюнча ооруканалар, билим берүү мекемелери ар кандай кырсыкка даяр болушу керек.
«Ушундан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Бизде мындай эски ооруканалар абдан көп. Баарын ӨКМ карап чыкса… Бул комплекстүү иш. Мындай окуялар кайталанбасын десек, биз даярдыкта болушубуз керек», — деди Сулайманов.