Депутат: «Үйүнүн техпаспорту жоктор балдарын мектепке, бала бакчага бере албай жатат»

Депутат Шаирбек Ташиев үйүнүн техникалык паспорту жоктор балдарын мектепке, бала бакчага бере албай, шайлоого да катыша албай жатканын айтты.

«Жергиликтүү бийлик ар бир 6 айда жаңылап турган каттоо кылып койсо болбойбу? 6 айдан кийин барып, дагы эле үйгө техникалык паспорт ала элекмин деп узартып койгонго. Убактылуу гана», — деди депутат.