Депутат: «Үмүт деген бала өлдү. Үмүтү акталбай калды»

Кечээ, бүгүн депутаттардын берген суроолоруна берген жообуңузду угуп, ынандым да, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбооруна сиздин тиешеңиз жок экен. Сиз аралашкан да эмес экенсиз. Сиз суроолорго жооп да бере албай жатасыз. Мындай нааразычылыгын бүгүн, 15-июлдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага билдирди.

Депутат: Анан айтып жатпайсызбы «элдин талабы эске алынды» деп. Кайсы элдин талабы эске алынды? 4-октябрдагы шайлоодо чыккан жаштардын кайсы талабы эске алынды? Алар эмне деген талапты коюшту эле? Элдер аянтка чогулганда, силер калчылдап отургансыңар. 

Төрайым: Биринчи талап, эмнеге шайлоого катышуу үчүн партия аркылуу гана кириши керек. Эмнеге чыныгы лидерлер шайлоого катыша албайт. Эмнеге партиялардын монополиясы бар. Бул талап баарыбызга эле белгилүү. 

Депутат: Андай эмес. Аянтка чыккандардын башында мен болгом. Мирлан Жеенчороев, Жанар Акаев, Сурабалдиева, Токтогазиев, Камчыбек Ташиев бардыгыбыз болгонбуз. Андай талаптар болгон эмес. Эки гана талап болгон — административдик жана финанасылык ресурстарга. Добуш сатып алууга. А силер кайра бүгүн ошого жол ачып жатпайсыңарбы?! Жалаң бай-манаптарды келтирип жатпайсыңарбы. Ушулбу силердин реформаңар? Үмүт деген баланын үмүтү акталбай өлүп калды. Ошонун арбагын ойлоп койбойсүңарбы? Бул мыйзам  иштебейт. Өткөндөгү шайлоонун зыянын Сооронбай Жээнбеков, пайдасын сиз көрдүңүз. Эл көрдү зыянын. Бул мыйзам эмес, резолюция. А резолюция менен революция сөздөрүнүн айырмасы бир тамга.