Депутат Ысык-Көлдө 15 окуучудан кургак учук аныкталганын айткан. Президенттин облустагы өкүлчүлүгү эмне дейт?

Жогорку Кеңеште депутат Камила Талиеванын айткандары боюнча президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымат беришти.

Депутаттын айткандары боюнча президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымат беришти.

«Бул билдирүүдөн жана айыл тургундарынын жергиликтүү бийликке кайрылуусунан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги, облустук фтизиатрия жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтар текшерүү иштерин баштаган. Учурда окуучулар арасында кургак учуктун массалык катталышы боюнча тастыкталган маалыматтар жок. Облус аймагында кургак учукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында балдарды үзгүлтүксүз кароо жүрүп турат. Абал адистердин көзөмөлүндө»,- деп айтылат маалыматта.