Депутат Замирбек Мамасадыков жаш спортчулар менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков Бишкек шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин жаш чемпиондору жана машыктыруучулары менен жолугушту.

Жолугушууда эл өкүлү жаш спортчуларды мындан дагы чоң ийгиликтерге жетүүгө үндөп, олимпиадалык мелдештерде чемпион болууга чакырды. Ошондой эле аларга чакан белектерин тапшырды. Жаш спортчулар 2024-жылдын апрель айында Казакстанда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды алып келишкен.