Депутат Зулушев буга чейин жоюлган рецидив түшүнүгү эмне үчүн кайра киргизилип жатканына кызыкты

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, мыйзам долбоору уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана аны биротоло жок кылуу максатында иштелип чыккан. Анын негизинде кылмыштардын рецидиви түшүнүгүн кайра киргизүүнү кароо жана мүлктү конфискациялоонун айрым маселелери чечүү сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Курманкул Зулушев кылмыштардын рецидиви түшүнүгү жана ага байланыштуу күчөтүлгөн жоопкерчилик 2019-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдагы редакциядагы Кылмыш-жаза кодексинин күчүнө кириши менен жоюлганын эске салып, рецидив түшүнүгүн кайра киргизүүнүн максатына кызыкты. Буга ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев рецидив үчүн жоопкерчиликти күчөтүү алдын алуучу чара катары кызмат кылып, кылмыштуулукту токтотуучу фактор болушу керектигин билдирди. Депутат Камила Талиева Башкы прокуратура буга чейин рецидив түшүнүгүн киргизүүгө каршы чыкканын айтып, анын позициясы эмнеге өзгөргөнүн тактады.

Ал эми эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева рецидив институтун киргизүүнү колдоп, ошондой эле коррупцияга байланышкан иштерди ар тараптуу жана объективдүү иликтөө керектигин белгиледи. Депутат Айгүл Ахмедова Орусиянын аймагында жүгүртүүдөгү Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрүн жасалмалоо учурларына көңүл буруп, ошону менен бирге жалпы эле эмгек мигранттарынын укуктук абалын жакшыртуу керектигине токтолду.

Депутат Бурул Аманова чөнтөк уурулук фактылары көбөйгөнүнө токтолуп, мындай кылмыштарга мектептерден топтолушуп чыккан окуучулар кабылып жатканын, алардын уюлдук телефондорун тартып алган учурлар бар экенин белгиледи. Депутат Талант Мамытов рецидив үчүн жоопкерчиликти аныктоонун механизмине кызыгып, кайсы факторлор эске алынарын тактаса, депутат Нилуфар Алимжанова жаза өтөп жаткан аялдарды коомго кайра социалдаштыруу максатында окутуу курстарын уюштуруу маселесин ортого салды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.