Жогорку Кеңештин жети депутаты: Жанар Акаев, Каныбек Иманалиев, Мирлан Жээнчороев, Наталья Никитенко, Айнуру Алтыбаева, Айсулуу Мамашова жана Эмил Токтошев мунапыс жөнүндө мыйзамды демилгелешти.
Документте 60 жаштан өткөн эркектер, 55 жаштан ашкан аялдар, майыптар, үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу, аялдар жана жашы жете электер, мыйзам күчүнө киргенде абакта оор эмес кылмыш үчүн отурганына бир жыл боло электер жазадан бошотулат деп айтылат.
Ошондой эле ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жаза өтөө жайларына, камак жайларына өз ыктыярлары менен келген качкындар кылмыш жазасынан бошотуу сунушталууда.
Депутаттар анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондор үчүн өтөлө элек мөөнөттү эки эсеге, оор кылмыш үчүн — үчтөн бирине, өзгөчө оор кылмыш үчүн — төрттөн бирине кыскартуу керек деп эсептешет.
Кургак учук, инфекциялык жана венерикалык оорулар менен ооругандарга мунапыс зарыл дарылоо курсу аяктагандан кийин колдонулат.