«Депутаттар менен ушул жакка келип, жашап көргүлө». Арка айылынын тургундары Жапаровго нааразычылыгын айтышты

Кечээ, 29-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы Арка айылынын тургундары менен жолугушту.

Тургундар бийликке болгон нааразычылыгын айтышты. Тургундун айтымында, президент менен УКМКнын төрагасы чек ара боюнча ачык маалымат бериши керек. «Бизге Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев келип, чек ара маселесин ачык түшүндүрүп берсин. Алар Арка айылынын тургундары менен жолуккан жок. Ушуну айтып койгула. Мен айтпайсыңар деп ойлойм. Силер «баары жакшы» деп барасыңар. Бизге үйдүн деле кереги жок. Чек ара маселесин чечсин. Депутаттардан баштап президентке чейин келип, Арканын эң ылдыйкы үйлөрүндө жашагыла. Биз өмүр менен өлүмдүн ортосунда жашайбыз. Биз ушул жерде эл, жер деп жүрөбүз», — деди тургун.