Депутаттар Сузактагы кырсыкта жабыркаган окуучулардан кабар алып барышты

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Камила Талиева жана Кундузбек Сулайманов Бишкек шаарында дарыланып жаткан балдардан кабар алды.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен 10 бала Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына алып келинген. Бейтапкананын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдиргендей, учурда балдардын абалы туруктуу, 4 бала жандандыруу бөлүмүндө, калгандары сынык-жарат бөлүмүндө дарыланууда. Бир күндөн соң жандандыруу бөлүмүндөгү балдар жалпы палатага которула баштайт.

Жогорку Кеңештин депутаттары дарылануудагы бардык балдардын абалы менен таанышып, дары-дармектердин жетиштүүлүгүнө жана дарыгерлердин тынымсыз кароосуна көңүл бурушту. Мындан тышкары жабыркаган балдардын жакындары менен баарлашкан эл өкүлдөрү аларга колдоо сөздөрүн айтып, балдардын жакшы дарыланып, бат сакайып кетүүсүн белгилешти.