Депутаттар Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткендеги айылдарга барышты

Акылбек Түмөнбаев баштаган Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү Жалолидин Нурбаев, Нурлан Ражабалиев, Максатбек Сарбагышев, Тазабек Икрамов жана Чыңгыз Ажибаев Баткен районундагы иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн коогалаңда жабыркаган айылдарды кыдырышты.

Алгач эл өкүлдөрү Миң-Өрүк айылында талкаланган үйлөрдүн ордуна салынып жаткан жаңы тамдардын курулушу менен таанышты. Алсак, 37 үйдүн курулушу башталып, анын жетөө пайдаланууга берилген. Жакынкы аралыкта калган 30 үй да ээлерине тапшырылып, экинчи этапта 17 үй салынары күтүлүүдө. Андан тышкары, депутаттар Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын тургундары менен да жолугушуп, талаптарын угушту. Айрым тургундар чек ара жаңжалында жабыркаган тамдарды куруу иши кечеңдеп жатканын жана кээ бир субподрядчылардын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришти. Ошондой эле коогалаңда жоголгон үй мүлктөрүн да калыбына келтирүү маселесин чечүүгө да көмөктөшүүнү өтүнүштү. Өз кезегинде депутаттар айтылган бардык талаптын аткарышын көзөмөлгө алышарын жана айрымдарын Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүшөрүн билдиришти.

Иш сапар Лейлек районунда уланып, Раззаков шаарын айланып өтүүчү жолду куруу маселесин талкуулашты. Белгилүү болгондой, узундугу 6,5 чакырымды түзгөн айланма жол курулса, шаар ичиндеги каттам жакшырып, башка аймактарга чыгуу да жеңилдейт. Ушундай эле маселе Сүлүктү шаарындагы Кольцо айылында бар. Андыктан депутаттар айланма жолдорду куруу маселесин эртелетип чечүү керектигине токтолушту.