Депутаттардын арасында түзүлгөн командалар ортосунда кичи футбол мелдеши өттү

Жогорку Кеңештин депутаттары жана Аппарат кызматкерлери арасында түзүлгөн командалар ортосунда кичи футбол мелдеши өттү. Төрага Нурланбек Шакиевдин колдоосу менен өткөрүлүп жаткан спорттук иш-чарага жалпы сегиз команда катышты.

Мелдештин ачылышында төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев уюштурулган иш-чара сергек жашоо образын жайылтуу максатын көздөй тургандыгын билдирип: “Акыркы жылдары мамлекет тарабынан спортко, анын ичинен футболго өзгөчө көңүл бурулууда. Салттуу түрдө “Мурас” достук турнири өтүп, ага да Жогорку Кеңештин командасы активдүү катышып келет”, – деди.

Ошондой эле командаларга ийгиликтерди каалаган төраганын орун басары бул мелдештер алдыда болчу республикалык жана эл аралык таймаштар үчүн мыкты оюнчуларды тандоого мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеп, бардык катышуучуларды жигердүү ойноп, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө чакырды. Натыйжада “Аппарат” командасы биринчи орунду багынтса, экинчи орунду “Альянс – Бүтүн Кыргызстан – Бир мандаттуулар” курама командасы, үчүнчү орунду “Ишеним – Ыйман-Нуру” курама командасы менен “Ынтымак” командасы алды. Жеңүүчүлөргө кубоктор жана медалдар ыйгарылды.