Депутаттык мандатынан кол жууган Фарходбек Алимжановду чепкен жаап, калпак кийгизип узатышты

“Альянс” фракциясы диплом чуусунан улам мандатынан ажыраган Фарходбек Алимжановду узатышкан сүрөт менен бөлүшүштү.

«Фракция коомчулукка белгилүү себептер менен депутаттык мандатын тапшырган кесиптештерибизге дайыма тилектеш экенин билдирип, алардын мындан аркы жумуштарына ийгиликтерди каалады.

Фарходбек Алимжанов “Альянс” партиясы менен шайлоого аттанып, калың элдин колдоосуна ээ болгон мекенчил жигит. Ал депутат катары кыска убакытта өзүнүн иштермандыгын, принципиалдуулугун, жоопкерчиликтүү сапатын мыкты көргөзө алды, шайлоочулары менен тыгыз иштеди. “Альянс” фракциясы Фарходбек Айбековичке ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады»,- деп жазылат маалыматта.