Депутаттыкка талапкер Таалайбек Кермалиев добуш берүүгө катышты

Бүгүн, 10-сентябрда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өтүп жатат. Добуш берүүгө депутаттыкка талапкерлердин бири Таалайбек Кермалиев катышты.

Саат 10:00гө карата №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын катышуусу: 2060 шайлоочуну түздү, башкача айтканда шайлоочулардын жалпы санынан 1,62%.