Депутаттын айткандары боюнча Алымкадыр Бейшеналиев жооп береби? Ташиев жооп берди

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата айткан маалыматтарын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен текшере баштайт. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, кандайдыр бир фактылар тастыкталса, кылмыш иштери козголот. «Мындай маалымат бардык кызмат адамдарында жана жарандарда бар, бирок аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн конкреттүү фактылар болушу керек. Бирок маалымат маалымат бойдон калат», — деди ал.