Депутаттын айыптоосунан кийин марафондун уюштуруучулары логотибин өзгөртөт

Run Silk Road эл аралык марафонунун логотибинде Кыргызстандын картасы бурмаланганы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун айыптоосунан кийин алмаштырылмай болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Эл өкүлү Кыргызстандагы «Эл аралык марафон дирекциясын», «Кока-Кола» компаниясынын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүн, «Run Silk Road» сайтын жана логотибин иштеп чыккандарды жоопко тартууну талап кылган.

«Түшкөн сунуштарды жана эскертүүлөрдү көңүлгө алуу менен биздин уюмдун логотиби өзгөртүлөт. Эл аралык марафон дирекциясы учурда бул маселе боюнча иштеп жатат. Бирок биздин команда 10 жылдан бери марафон өткөрүү менен алектенип, өлкөлөрдү жана элди бириктирүү үчүн жакшы ниет койгонун белгилейбиз. Тескери оюбуз болгон эмес!» — деп билдиришти алар.