Депутаттын демилгеси менен 11 милиция кызматкери үйлүү болду (сүрөт)

Депутат Айгүл Айдарованын демилгеси менен 11 милиция кызматкери үйлүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Буга чейин эл өкүлүнүн дарегине Ички иштер министрлигинде кызмат өтөп кеткен пенсионерлер, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү, өз кызматын аткарып жатып майып болуп ден соолугуна байланыштуу жаракат алып кызматтан четтетилгендер ар түрдүү арыз, өтүнүч каттар менен кайрылышкан. Алардын кайрылууларын канааттандыруу максатында депутат бир нече жолу Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселени көтөрүп чыккан.

Эл өкүлүнүн аракетинин жыйынтыгы менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан укук коргоо органынын кызматкерлери үчүн курулган 216 батиринен 11 милиция кызматкери үйлүү болушту. Пенсионерлер, кызмат учурунда каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана кандайдыр бир жагдайлар менен майып болуп, эмгекке жарамсыз абалда калган кызматкерлер тизмеге кошулган.