«Дикий Армандын» жубайы Айкөл Аликжанова жолдошу тууралуу маек берди

«Дикий Арман» деп атыккан кримтөбөлдүн жубайы жана кыргыз сулуусу Айкөл Аликжанова жолдошу тууралуу казак басылмасына маек берди. Анын айтымында, Арман Жумагелдиевдин Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен, анын үй-бүлөсү менен да байланышы жок.

Айкөл Аликжанова маекте жолдошу эмне үчүн Түркиядан Казакстанга келгенин, январь айында болуп өткөн окуяларда эмне менен алек болгонун, улуттук коопсуздук комитети менен байланышы бар-жоктугун жана башка жагдайлар тууралуу айтып берген.

Айкөл Аликжанова модель жана актриса катары таанымал. «Кыргызстан сулуусу» сынагынын 2014-жылдагы жеңүүчүсү. 2016-жылы хиджаб кийип, ошого удаа эле кыз-келиндер үчүн мусулман кийимдеринин дизайнери катары тааныла баштаган. 2017-жылы турмушка чыккан, бирок жолдошу тууралуу маалымат ачыкталган эмес.

«Дикий Арман» деп атыккан кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин 7-январда кармалганы маалым болгон.