Дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов кумаркана ачуу боюнча үн катты

Дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов кумарканаларды ачуу тууралуу оюн билдирди. Ал 22-апрелде Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин мечитте элдин алдында кумардын канчалык күнөө экенин түшүндүрүп берген.

Дин аалымынын айтымында, арак, бутка сыйынуу, көзү ачыкка баруу, кумар оюндары – баары нажасат, жийиркеничтүү болуп эсептелет.

Абдышүкүр ажы мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга кайрылып, арамдан тапка акча менен адал оокат кылынбай турганын эскертти.

«Азыр айрым депутаттар: «Кумаркана ачабыз, ушуну менен экономикабыз көтөрүлөт», — деп жатышат. Арамдан тапкан акча менен адал дасторкон салынбайт. Азыр кумарканасыз эле башыбызга эмнелер келип жатат. Сенин депутаттыгыңа саналуу айлар калды. Эртең Аллахтын алдына барасың. Эл өкүлү болгондон кийин элиңдин көпчүлүгү мусулманбы, анда арам экономика менен бакпа. Казино ачам дегенди токтотуу керек, Жараткандан коркуу керек. Биринчи окуудан добуш берилип кетти, калган окууларда ойлонуп туруп добуш бер.

Өзүн мусулманмын деп эсептеген адамга Жараткан ичкилик ичпе, жебе, ойнобо деп эле койгон жок, казино ачпа деп эле койгон жок, жанына жолобо деп айткан. Арак кандай арам болсо, кумар ошонун жанында. Ташка, бутка сыйынуу кандай күнөө болсо, кумар оюндарын ойноо да ошондой. Көз ачыкка баруу кандай күнөө болсо, кумар ойногондук да ошондой», — дейт дин аалымы.

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде Кыргызстандын бардык аймактарында кумаркана ачууну колдой турганын «Пирамида» телеканалына берген маегинде билдирген.

Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына чет элдиктер үчүн кумарканалардын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.

Видеону толугу менен шилтемеден табасыз.