Гүлназ Исаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Гүлназ Исаева — диний маселелер жана дин аралык диалог боюнча адис. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адиси болуп иштеп келген.