Динара Кутманова «Кумтөрдөгү» экологиялык зыян боюнча позициясын билдирди

«Кумтөр» кенинде аныкталган экологиялык мыйзам бузуулар боюнча менин позициям өзгөргөн жок: факт бар жана аны эч ким жокко чыгарган эмес», — деп билдирди бүгүн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология министри Динара Кутманова.

«Мыйзам бузуу фактысы бар. Билсеңер, сот иши бүтө элек, болуп жатат. Менин позициям өзгөргөн жок. Дагы бир жолу кайталайм, кандай гана инвестор, чарбалык субъект болбосун, кандай гана келишим болбосун мыйзамдарды сакташы керек. «Кумтөр» боюнча келишимде алар экологиялык мыйзамдарды сактоого милдеттүү экени так жазылган. Бардык мыйзам бузуулар катталып, үч комиссиянын отчетунда чагылдырылган. Акыркы чекит коюла элек», — деди ал.