Динара Молдошева Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду

Молдошева Динара Автандиловна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен аталган кызматка Керимбаева Рахат Топчубаевна дайындалды.

Эске салсак, УКМК Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турган кезде өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болгон Динара Молдошева коррупцияга шектелип жатканын билдирген. Бирок анын үй-бүлөлүк абалын жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен, ага чет жакка чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.