«Директор чындыкты айткан артисттерди куугунтуктоодо». Цирк артисти Асланайым Аширова Садыр Жапаровго кайрылуу жасады (фото, видео)

А.Изибаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик циркинин артисти, каскадёр, актриса, жаачы Асланайым Аширова цирктин абалы мышык ыйлагыдай болуп жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылды.

Биздин мекеме эң эле көп акча тапкан жай болуп саналат! Биз өзүбүз койгон эмгектерибизди айлап тынбай иштесек 5-6 миллион сом түшөт. Андан сырткары цирктин тегерек чети жалаң ижарага берилген! Ай сайын миллиондогон ижара акылары түшөт, бирок мекеменин казынасы дайым бош, эч нерсе жок! 4-5 жылдык акчалар кайда кеткенин директор жакшы билет. УКМКнын аудит комиссиясы циркти текшерүүгө алганда «шок» болгон жана аудит бүткөндө «Циркте өтө чоң коррупция жана акча каражаттарын уурдоо фактысы бар» деп чечим чыгарган. Бирок цирктин директору өзүнүн адамдарын ортого салып, өз билемдик кылып жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловго да бул көйгөй боюнча кайрылганбыз. Ал да эч көңүл бурбады. Бизди футбол тепкендей тээп жатышат. Канча таланттуу артисттерибиз, мыкты кызматкерлер, адистер ушунун айынан кетип калышты. Биздин администрация, дирекция аман эле болсун, акча десе — өлгөн адамды тирилтишет.

Директор чындыкты сүйлөгөн кызматкерлерди, артисттерди коркутуп, куугунтуктоого алган. Мени азыркы учурга чейин куугунтуктап келет! А.Изибаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик циркинин артисттери жана кызматкерлери президент Садыр Жапаров, сизден жардам сурайбыз! Бизге жаңылануу керек! Бизге абдан чоң жардам керек!»- деп кайрылган Аширова. 

Эске салсак, А.Изибаев атындагы Мамлекеттик циркинин айланасындагы чыр 2018-жылдан бери көтөрүлүп келет. Ошол кезде билет сатууда жана цирктин айрым бөлүктөрүн ижарага берүүдө коррупциялык схема болгону аныкталып, 14 жыл директор болуп турган Курмангазы Исанаев кызматынан бошотулган. Андан соң Фархад Бекмамбетов директорлук кызматка сунушталганда коллектив караманча каршы чыгып, 1 айга жакын митинг уюштурушкан. Ага карабай 2019-жылы Фархад Бекмамбетов директорлук кызматка дайындалган.