«Директорлорго сынакта берилчү тесттер сатылып жатабы?» Министрликтин жообу

Билим берүү жана илим министрлиги коомчукту “директорлорду конкурс аркылуу дайындоонун тесттик материалдары сатылып жатат”, “орундар сатылып, чечилип калган” өңдүү далилсиз пикирлерди таратпоого жана конкурстун ачык-айкын өтүүсүнө залакасын тийгизүүчү тастыкталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырууда.

Билим берүү жана илим министрлиги сынак коррупциясыз, ачык-айкын жана таза өтө турганын маалымдайт. Ошондой эле конкурсту өткөрбөө максатында айрым кызыкдар тараптардын орунсуз айыптоолору интернет айдыңында учурда тарап жатканын билдирет. Социалдык тармактарда жарыяланып жаткан сөздөр, айыптоолор куру, далилсиз, негизсиз жана чындыкка дал келбейт!
Буга чейин белгиленгендей, директорлорду конкурс аркылуу дайындоо коррупциядык көрүнүштөр менен болгон күрөштүн негизги үлгүсү болот. Сынактын жүрүшүн каалаган адам онлайн режиминде байкап тура алат,» — деп билдирет министрлик.