Дмитриевкадагы атышуу. Атып өлтүрүлгөн жаран бир нече күн мурун үйдү ижарага алганы маалымдалды

Дмитриевкадагы атып өлтүрүлгөн жаран бир нече күн мурун үйдү ижарага алганы маалымдалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды. Ошондой эле үйдүн күйүп кеткенин кожойкеси билдирген.

«Ал 3 күн мурун Оштон келдим, узак убакытка жашайбыз деп үйүбүздү ижарага алган. Аялымды алып келем деген. Бирок паспортун көрсөтпөй койгон. Биз билген жокпуз да, анын террорист экенин. Эми минтип үйүбүз күйүп кетти«, — деген кожейке «Спутник» сайтына.

Бүгүн, 17-майда Ысык-Атадагы Дмитриевка айылында ок атышуу болгонун, анын үнү Кантка чейин жеткени маалымдалган. Саламаттыкты сактоо министрлиги атышуудан күч органдарынын 2 кызматкери жаракат алганын билдирген. Кийин ИИМ маалымат таратып, террорист жок кылынганын жарыялады. Муфтият маалымат таратып, айылдагы медресе курчоого алынганын төгүнгө чыгарды.