Дмитриевкадагы атышуу. Өлтүрүлгөн жаран жашаган үйдө 18 чет өлкөлүк болгон

Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында болгон окуяда кылмышкер менен коңшу батирди убактылуу ижарага алып жайгашкан чет өлкөлүк 18 жарандын документтери күйүп кеткен. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Райондун акими Алмазбек Осмонов чет өлкөлүк жарандар менен жолугушуп, аларды Кант шаарындагы жатаканага убактылуу жайгаштырган.

«Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоо жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынды. Чет өлкөлүк жарандардын бирөө Беларустун, калгандары Орусиянын жарандары. Алар Кыргызстанга өз алдынча тоого чыгып эс алуу үчүн келишкен. Орусия жана Беларусь элчилиги менен байланышып, документ маселелери чечилгенге чейин жатаканада жашашат», — дешти.