Ирактык ишкер айым Мармар Аль Хилали социалдык тармактагы баракчасына мушкер Дмитрий Бивол да тартылган видео менен бөлүштү.
Ошондой эле катталуучулары айымдын баракчасына «экөөңөр үйлөндүңөрбү же дагы дос бойдонсуңарбы?» деген суроо калтырган. Ага Мармар «биз жубайларбыз» деп жооп калтырган.
Эске салсак, ал Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин беттешинен кийин социалдык тармакта Биволду колдоорун жазып чыккан.
Мармар азыр 38 жашта (ал 1986-жылы 5-августта төрөлгөн). Анын Instagram баракчасында 1,5 миллион катталуучусу бар. Ишкер айым белгилүү бренддер жана таасирдүү адамдар менен кызматташат. Ал интерьер дизайны боюнча магистр даражасына ээ журналист жана актриса катары тажрыйбасы бар.
Посмотреть эту публикацию в Instagram