Саясатчылардын жубайлары добуш берүүгө кандай кийинип келишти? (сүрөт)

Бүгүн, 28-ноябрь Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Жарандык милдетин аткарууга саясатчылар да шайлоо тилкелерине келишти. Айрымдары жалгыз келишсе, айрымдары жубайлары, балдары менен келишти. Ал эми жергиликтүү айрым ЖМКлар саясатчылардын жубайларынын кийимдерине көңүлүн бурушту.

Албетте, бул тизме президент Садыр Жапаровдун жубайынан башталат, себеби өлкө башчы жубайы менен бирге шайлоо тилкеси ачылар менен добуш бергендердин катарын толуктады. Жубайы Айгүл Жапарова үстүнө ак пальто кийип, мойнуна жолук байлап алган.

Ал эми бул сапка киргендердин арасында саясатчы Өмүрбек Текебаев да бар. Ал да добуш берүүгө жубайы менен келди. Көпчүлүк Айгүл Текебаеванын образын биринчи айымдыкына окшоштурушту. Анткени ал да пальто кийип, мойнуна жоолук байлап алган.

Ал эми кийинки эле сапта Эмил Токтошевдин жубайы турат. «Шайлоо тилкесине жеңил пальто кийип, ачык түстөгү макияжы менен башка саясатчылардын аялдарынан өзгөчөлөнгөн», — деп сыпатташат ЖМКлар.

Депутаттыкка талапкер Канат Мидин уулу социалдык тармакка шайлоо тилкесине жубайы менен келген сүрөтүн жарыялады. Репортер.кж анын жубайын «салыштырмалуу жупуну кийинген, ал дагы ачык түстөгү кийимдерди тандап, башына жоолук салынган» деп жазды.

Ал эми Мирлан Маматалиевдин жубайы коомчулуктун назарын кызыл түстөгү бут кийими менен бура алгандай элес калтырат. Дегенибиз, эл өкүлүнүн жубайы ачык кызыл пальто жана анын түсүнө окшош бут кийим кийип келген. Аны көпчүлүк «жарашыктуу» деп сыпаттаган.