Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерге бериле турган “Алтын Казык” ноутбуктарынын сапатын текшерип, аларга жүктөлгөн программаларды көрүп чыкты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
“Алтын Казык” ноутбуктарына “Санарип кампа” санариптик билим берүү платформасы жүктөлгөн. Анда STEM предметтери боюнча кошумча окуу материалдары камтылган.
«Платформада видеосабактар, презентациялар, интерактивдүү симуляторлор, инфографика, 3D-моделдер, тесттик көнүгүүлөр бар. Ошондой эле жаңыдан иштелип чыккан «Э-күндөлүк» – окууну башкаруу системасы «Санарип кампанын» бир тутуму катары иштейт», — деп жазылат маалыматта.