«Доллар 1 сомго көтөрүлгөндө, бензиндин бир литри 60 тыйынга кымбаттайт». Нефтетрейдерлер ассоциациясы коңгуроо какты

«Доллар 1 сомго көтөрүлгөндө, бензиндин бир литри 60 тыйынга кымбаттайт». Бул тууралуу нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов кечээ, 9-мартта билдирди.

Анын айтымында, доллардын курсунун жогорулоосунан улам күйүүчү май да кымбаттай берет, себеби Орусиядан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майды импорттоо боюнча бардык келишимдер доллар менен түзүлөт. «Соңку эки аптада доллар 14 сомго көтөрүлүп, 98 сомго чыкты. Бул өз учурунда күйүүчү майдын баасын жогорулатат. Ошондуктан да, сезилерлик кымбаттоо болот», — деди ал.