Доллар кайра 100 сомго чыкты

Бүгүн, 18-март саат 17:00гө карата доллардын курсу cатып алуудагы орточо баасы 97-98 сомду түзсө, сатуудагы орточо баасы 100 сом болуп жатат. Доллар саат 11:00дөн тарта кайрадан жогорулай баштаган болчу.

Соңку эки күн ичинде доллардын курсу сомго карата ылдыйлаган болчу. Буга байланыштуу Улуттук банктын расмий өкүлү өлкөдөгү валюталык курс суроо-талап менен сунуштун негизинде түзүлөрүн айткан.