Доллар кайрадан кымбаттай баштады

Кыргызстанда доллардын курсу дароо 5 сомго көтөрүлүп, кайра 85 сомго чыкты.

Азыр борбор калаанын акча алмаштыруучу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 83,5-84,5 сомдон сатып алып, 85 сомдон сатууда. Бүгүн жарым күндүн ичинде доллар 1 сомго кымбаттады.

Доллардын көтөрүлүшү менен евронун куну да жогорулады. Учурда сатып алуу 88-89,5 сом, сатуу 90-90,5 сом болуп жатат.