Доллар кымбаттады

Күн ичинде Бишкекте доллардын баасы 1 сомго кымбаттап, анын курсу дээрлик 83 сомго жакындап калды. Валюта алмаштыруучу жайлар долларды 82 сом 10 тыйындан баштап 82 сом 55 тыйынга чейин сатып алышууда. Ал эми долларды сатууга келгенде 82 сом 50 тыйындан тартып 82 сом 80 тыйынга чейинки баада сатып жатышат. Улуттук банктын сайтында доллардын наркы 81 сом 80 тыйын бойдон өзгөрбөй турат.

Октябрдын ортосуна чейин 79 сомдун тегерегинде болуп турган доллардын курсу 16-октябрда дээрлик 82 сомго жеткен.