Доллар эмне себептен арзандап жатат? Башкы банкирдин жообу

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйынга Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов келип, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Эл өкүлдөрүнүн бири доллардын баасынын төмөндөшүнүн себептерине кызыкты.

Төраганын айтымында, доллардын баасынын арзандашынын бир нече себеби бар.

“Доллардын курсунун арзандашынын бир нече себеби бар. Биринчиден, мамлекетибизде күзүндө жана жазында долларга талап өсүп кетет. Биздин ишкерлер тыштан товарлар сатып алып, кампасын толтурат. Бул учурда Улуттук банк интервенция жасап, курстун кескин өсүп кетпеши үчүн чара көрөт. Мындан тышкары, акча которуулар деген тышкы факторлор бар. Ал дагы мезгил-мезгили менен болуп турат. Ошондой эле жайында чет элдин валютасы менен келген туристтердин саны көбөйөт. Экспорт көбөйсө дагы өлкөгө чет элдин валютасы кирет. Ушул факторлор сомдун курсуна таасир этет”, — деди Абдыгулов.