Доллардын баасы көтөрүлүп жатса, рублдун курсу өзгөргөн жок

Бүгүн саат 11:50гө карата Бишкекте жайгашкан акча алмаштыруучу жайлары менен коммерциялык банктарда доллардын баасы сатып алууда 84-86 сомго чыгып, сатуудагы баасы 87 сомдун тегерегин түзүп жатат.

Рублдун курсу туруктуу бойдон калууда. Сатып алууда 95 тыйындын айланасын, сатуудагы баасы 1 сомдун тегерегинде болууда.