Доллардын курсу 83 сомдон ашты

Доллардын курсу бүгүн 83 сомдон ашты. Кечээ Бишкекте доллардын баасы 1 сомго кымбаттап, анын курсу дээрлик 83 сомго жакындап калганын маалым кылганбыз. Улуттук банк “доллардын кымбатташына суроо-талап күчөгөнү себеп болууда” дейт.

Октябрдын ортосуна чейин 79 сомдун тегерегинде болуп турган доллардын курсу 16-октябрда дээрлик 82 сомго жеткен.