Доллардын курсу дагы ылдыйлады

Доллардын курсу дагы ылдыйлап жатат. Акыркы сутка ичинде ал 1 сомго баасын жоготту. Валюта алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда долларды сатуу 80 сомдун тегереги болуп жатса, долларды сатып алуу 81 сомдун айланасын түзүүдө.

Аптанын башынан бери АКШнын акчасы жалпы 4 сомго арзандады. Жылдын башында доллардын курсу 69 сомдун тегерегинде эле.