Доллардын курсу эмне үчүн ылдыйлап жатат? Улуттук банктын жообу

Соңку эки күндөн бери доллардын курсу ылдыйлап жатат. Бүгүн, 18-мартта Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында долларды сатып алуу 92-95 сомдун тегерегин түзүп, ал эми сатуудагы баасы 95-97 сомдун айланасын түзүп жатат.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева «Биринчи радионун» эфиринде суроолорго жооп берип, өлкөдөгү валюталык курс суроо-талап менен сунуштун негизинде түзүлөрүн айтты. «Чет өлкөнүн валютасы деле товар. Соңку окуяларга байланыштуу чет өлкөнүн валюатасына болгон суроо-талап жогорулап кетти. Мындан улам, Улуттук банк 4-10-март күндөр аралагында валюталык базарга 114 миллион доллар сатты. Азыр рыноктун катышуучулары чет өлкөнүн валютасына «тойгон» абалда. Керектөө кандайдыр бир деңгээлде дүрбөлөңгө түшүүдөн келип чыкты», — дейт Улуттук банктын расмий өкүлү.