Доллардын курсу ылдыйлай баштады

Акыркы эки ай ичинде улам көтөрүлүп жаткан доллардын курсу ылдыйлай баштады. Соңку 3 күндө 2 сомдун тегерегинде арзандады.

Валюта алмаштыруучу жайларда долларды сатуу 82 сом 50 тыйын-82 сом 70 тыйындын тегерегин, ал эми сатып алуу 82 сом 70 тыйын-83 сом 10 тыйындын айланасын түзүп жатат.

Жылдын башында доллардын курсу 69 сомдун тегерегинде болчу. АКШнын акчасынын куну жогорулаган сайын өлкөдөгү кымбатчылыкка терс таасирин тийгизип баштаган.