Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда чуркоого уруксат берилеби? Спорт агенттигинин жообу

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Спорт агенттиги) Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары массалык спорттун өнүгүшүн толук колдой тургандыгын билдирет. Агенттик спорттук инфратүзүмдөр өзүнүн түз багыты боюнча калктын ден соолугун чыңдоо жана дене тарбияны жайылтуу үчүн пайдаланылышына кызыкдар.
Стадионго кирүүгө убактылуу чектөө коюу чуркоо жолдорун куруудагы технологиялык талаптарды сактоо зарылчылыгы менен гана байланыштуу. Учурда 9 чуркоо жолуна атайын каптоонун биринчи катмары төшөлдү. Эл аралык стандарттарга ылайык, бул катмар кеминде бир жыл бою милдеттүү түрдө технологиялык тыныгуу мезгилинен өтүшү керек. Мындай кадам бекемдигин жана каптоонун узак мөөнөткө чыдамдуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл.
Экинчи (фиништик) катмарды төшөө иштери туруктуу жылуу аба ырайында гана жүргүзүлүшү шарт. Технологиялык процессти сактабоо же каптоону мөөнөтүнөн мурда пайдалануу анын бузулушуна алып келип, натыйжада бюджеттик каражаттардын натыйжасыз сарпталышына себеп болушу мүмкүн.
Өзүнчө белгилеп кетүүчү жагдай: негизги оңдоо-реконструкциялоо иштери 2024-жылы аяктап, объект расмий түрдө пайдаланууга берилген. Учурда чуркоо жолдору боюнча иштерди белгиленген талаптарга ылайык бүтүрүү гана калды. Технологиялык цикл толук аяктап, экинчи катмар төшөлгөндөн кийин спорттук объект эрежелерге ылайык белгиленген мөөнөттөн баштап иштей баштайт. Сапаттуу жана туруктуу натыйжа алуу үчүн технологиялык стандарттарды сактоо жана бардык этаптарды аягына чыгаруу зарылчылыгына түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз.