Дональд Трамп утулду. АКШнын жаңы президенти — Жо Байден

Democratic presidential candidate former Vice President Joe Biden discuses the coronavirus, Thursday, March 12, 2020, in Wilmington, Del. (AP Photo/Matt Rourke)

Америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары АКШнын жаңы президенти болуп Жо Байден шайланганын жазып чыгышты. Алар Пенсильвания штатындагы добуштардын көпчүлүгүн Байден алганын айтып, жыйынтыгында Байден керектүү болгон 270 добуштук барьерден ашып өткөнүн маалымдашууда.

Ал эми анын атаандашы, АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп утулганын моюндай элек.  «Бул шайлоо жыйынтыгын чыгаруудан алыс» деген ал. Ошондой эле, ал эртең, 9-ноябрда соттук процесстерге киришерин билдирген.

Президенттик шайлоо 4-ноябрда болуп өткөн.