«Донор болгонго бир туугандары жок» дейт 3 жаштагы Раиданын апасы

2 жаш 8 айга толгон Раида сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан. Тагыраагы, андай диагноз Кыргызстанда 5 эле адамда аныкталган. Ал тез арада чет өлкөгө чыгып, дарыланууга муктаж болуп турат.

«Өз алдынча баса албайт. Кан куйганда өзүн аябай жакшы сезип, маанайы көтөрүлүп жүрөт. Ооруканалап жүргөнүбүзгө 1 жыл болду. Кызым Якутия шаарында төрөлгөн. Бишкекке келип, каттоого туралы деп келгенде ооруп жатканын билдик. Жүлүндү алмаштыруу керек деди. Ага бир тууганы донор болсо болот экен, бирок кызым жалгыз. Донор жок болуп жатат. Ал үчүн донор табыш керек экен. 88 миң доллар дешти. Мен төрөп, аныкын алалы десек, ага чейин кызымдын көк боору жарабай калат дешти», — деди апасы.

«Жерди, унааны, каражаттарыбызды сатыкка койдук. Бири өтсө, бири өтпөй жатат. 100 миң долларга чейин чыгат экен. Туугандар жардам берүүдө, бирок сумма көп жолуп жатат», — деди кыздын чоң энеси.