Дөөлөт Сыдыков: «3 ай Манастын айылын жайына койгула, жаман болот десем болбой коюшту эле»

Мына президенттин абалы, жүзү. Бир ишти баштайт, кайра таштайт. Бул тууралуу «Куугунтукка кабылдым» деп өлкөдөн чыгып кетип, учурда Түркияда жашап жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыков соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Маратыңарды (ред. жоюлуп кеткен «Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу дирекциясы» ишканасынын жетекчиси) асманга учуруп эми чоң кызматка койсоңор дагы жылыш болбойт. Кечээ эле мага Марат менен Асылбегин кыйын кылдырып чабуулга жиберип жатты эле. Мени болгон фейктери менен жамандатып, булар тууралуу бир ооз сөз айтпай коргоп отурду эле го? Эми ишти токтотуп, жумушунан четтетип коюмуш болсо дагы, баары бир поезд кеткен. Булар менен бир болуп мыйзамсыз ишти колдогон бул президент. Ар кайсы калпты токуп жасалма болуп чыга келүү менен маселе чечилбейт. Манастын аты байырлаган тарыхый жерге тийбегиле десем угушпады эле. Бул башталышы эле, Манаска асылгандар арты жаман бүтөт. Мен үч ай жүрдүм, Манастын айылын жайына койгула, өзүңөргө жаман болот, тийбегиле десем болбойт коюшту эле», — деп жазды ал.